Дарак. Архивдик сүрөт

Унааны сурабай айдап чыккан бир туугандар каза тапты. Кара-Балтадагы кырсык

4564
(жаңыланган 10:06 11.09.2019)
Машинада 16 жаштагы айдоочу баланын досу да болгон. Ал учурда ооруканада.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда жол кырсыгынан эки бала каза болгонун ЖКККББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16 жаштагы өспүрүм үйүндө турган Nissan Cefiro унаасын эч кимден сурабай айдап чыккан. Жанында жети жаштагы иниси жана досу болгону айтылууда.

"Полтавка — Орто-Суу трассасынын 2-чакырымында айдоочу рулга ээ боло албай, унаа бакка урунган. Айдап бараткан бала иниси экөө мүрт кеткен. Жүргүнчү болуп бараткан досу ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Факты боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары башталды.

4564
Белгилер:
айдоочу, оорукана, милиция, жол кырсыгы, Кара-Балта
Тема боюнча
ШИИБ: Бишкектеги жол кырсыгы төрт жигиттин өмүрүн алды