Базар-Коргондо уктап кеткен айдоочунун унаасы сайга кулап кетти. Видео

© Фото / Pixabay / Michal JarmolukСлучаи ДТП
Случаи ДТП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу эч кандай жаракат алган эмес.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Базар-Коргон районунун Жаңы-Акман айылында Stepwagon унаасы жол четиндеги сайга кулады. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев тастыктады.

Билдирмеге ылайык, окуя 10-сентябрь күнү саат 13.00дөр чамасында Бишкек — Ош жолунун 553-чакырымында болгон. Кырсыктаган автоунаада төрт киши болгон. Алар ар кандай жаракат менен райондук ооруканага жеткирилди. Ал эми айдоочу эч кандай жаракат алган эмес.

"Жүргүнчүлөрдүн айтымында, айдоочу уктап кеткендиктен унаа жол жээгиндеги 3-4 метр тереңдиктеги сайга кулаган. Унаа жайыраак аңтарылгандыктан жүргүнчүлөр өтө оор жаракат алышкан эмес", — деди Сатыбалдиев.

Айдоочу Кара-Балта шаарынын тургуну экендиги белгилүү болду. Ал эми жүргүнчүлөрдүн экөө Кызыл-Кыя шаарынын тургундары, бири Тажикстандын жараны. Алар Бишкектен Ошту көздөй бара жатышкан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0