БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Мындан эки күн мурун Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда болгон катуу шамалдан эки киши жабыркап, бири кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу райондун акими Акылбек Түкөбаев билдирди.
Белгилей кетсек, катуу шамал Каракол шаары менен Ак-Суу районунда болгон. 30дай үйдүн чатыры учуп, облус жана шаар жетекчилиги жерине барган.
Түкөбаевдин айтымында, реанимацияга түшкөн адам эсине келе элек.
"Катуу шамал район аймагындагы кирпич заводдун чатырын учуруп кетип, ал жакта иштеген эки кишинин башына шифер түшкөн. Бири медициналык кароодон өтүп, абалы жакшы болгондуктан үйүнө чыгарылган. Ал эми Жон-Булак айылынын 32 жаштагы Мирлан Теңизбаев аттуу тургунунун абалы оор. Дарыгерлер башын тартып, гематома бар экенин аныкташты. Эми үч күн байкап, андан кийин операция жасалары белгилүү болду", — деди Түкөбаев.
Аким дарыгерлер Бишкектеги кесиптештери менен кеңешме өткөрүп, бейтапка тийиштүү жардам көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Аксыда ууланып каза болгондор жакын туугандар болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, ушул жылдын 2-мартында болжол менен саат 14:00дөр чамасында Кара-Жыгач айыл аймагындагы ашканага Кара-Суу айыл аймагынын Э.Б. аттуу 65 жаштагы тургуну буюртма берген.
Ал өзүнүн жакын туугандарын 23-февраль жана 8-март майрамына карата чакырган. Ага 19 адам барган. Аталган ашканадан тамак берилип, меймандар спирт ичимдиктерин да ичишкен.
Коноктор болжол менен саат 16:30дар чамасында үйлөрүнө тарап кетишкен. Эртеси, 3-март күнү кечинде, болжол менен саат 23:00дөр чамасында сый тамакка чакырылган коноктордун арасынан алты адам Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнө жакын туугандары тарабынан жеткирилген. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок абалы оор болгондуктан жергиликтүү дарыгерлер аларды Аксы аймактык ооруканасына жиберген. Үч адам үйүндө каза болсо, дагы үчөө райондук ооруканада көз жумган.Факты 4-март күнү Аксы РИИБ тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 280-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Учурда тиешелүү экспертизанын жыйынтыктары алынып, тергөө иштери улантылып жатат.
Буга чейин каза болгондордун ким экени такталган.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкектин Чуйков көчөсүндө кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маркумдун болжолдуу курагы — 35-40 жаш. Бою 175-177 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, чачы кара түстө, ак чачтары дагы бар.
Милиция сөөктү таанууга анын туугандарын издеп жатат. Кишинин үстүндө кара күрмө, Nike эмблемасы тартылган кызыл түстөгү спорт кийими, көк кофта, кара шым жана ак байпак кийип жүргөн. Сөөктүн жанынан кара ботинка табылган.
Маркумду тааныгандар же күбөлөр болсо (0704) 10-27-02, (0554) 10-21-48, (0312) 54-32-48 номерлерине же 102 кызматына кайрыла алышат.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жума күнү күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Кээ бир аймактарда туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында +1…+6, Таласта 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +5…+10, Нарын өрөөнүндө -3…+2 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, карга айланат. Күндүн табы борбордо +3…+5, Ош шаарында +8…+10 градус болот.