Жалал-Абадда жигитти эсинен тангыча сабады делип эки бала кармалды. Сүрөттөрү

Жазылуу
Окуя 9-сентябрь күнү түнкү клубдун жанынан болгон. Жабырлануучу реанимацияда.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан түнкү клубдун жанынан 26 жаштагы жигитти ур-токмокко алган эки бала колго түштү. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской областиШектүү
Жалал-Абадда жигитти эсинен тангыча сабады делип эки бала кармалды. Сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Шектүү

Маалыматка ылайык, окуя 9-сентябрь күнү болгон. Базар-Коргон районунун тургуну менен 22 жаштагы эки баланын ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташ чыккан. Натыйжада базаркоргондук жигит ур-токмокко алынып, облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ушу тапта эсине келе элек.

© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской областиШектүү
Жалал-Абадда жигитти эсинен тангыча сабады делип эки бала кармалды. Сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Шектүү

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен каттоого алынып, сотко чейинки тергөө башталды. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, далил катары жабырлануучунун кийимдери алынган.

"Окуяга тиешеси бар делип шектелген эки жаран кармалып, 10-сентябрда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экөөнүн тең сузактык экени белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери уланууда.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0