БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда болгон катуу шамалдан жабыр таркандардын бирине операция жасалды, бирок абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу район акими Акылбек Түкөбаев аймактык кабарчыга билдирди.
Белгилей кетсек, катуу шамал Каракол шаары менен Ак-Суу районунда болгон. Бороон район аймагындагы кирпич заводдун чатырын учуруп кетип, ал жакта иштеген эки кишинин башына шифер түшкөн. Алардын бири 32 жаштагы Мирлан Теңизбаев жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган эле.
"Дарыгерлердин айтымында, Жон-Булак айылынын тургуну Мирлан Теңизбаевдин учурда абалы оор, жасалма дем алдыруу аппаратында жатат. Кечээги түнү Бишкек шаарынан дарыгерлер келип бейтапка операция жасашты, башынан суу алынды. Бирок эсине келе элек",— деди Түкөбаев.
Эске салсак, Каракол шаары менен Ак-Суу районунда 10-сентябрда болгон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге жеткен.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкектин Ленин райондук милициясы өрт чыккан бала бакчадагы адамдардын бардыгын эвакуациялаган. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.
Эске салсак, бүгүн, 15-январда, Түштүк магистралда жайгашкан жеке менчик бала бакчадан өрт чыккан.
Милициядан билдиришкендей, кырсык тууралуу маалымат саат 17:34тө түшкөн.
"Жерине Ленин райондук милициясынын экинчи бөлүмүнүн кызматкерлери жөнөп кеткен. Алар барганда Масалиев көчөсүндөгү бала бакчанын үстүнкү кабаты күйүп жатканын көрүшкөн. Коопсуздук үчүн имараттын ичиндегилердин бардыгы эвакуацияланып, аймак курчоого алынган. ӨКМдин куткаруучулары бир сааттын ичинде жалынды чектөөгө алып, кийин толугу менен өчүрдү (19:22). Жабыркагандар жана көз жумгандар болгон жок", - дешти милициядан.
Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси ("Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча каттоого алынды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары уланып жатат.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жалал-Абадда көчө шыпырган аялды сабады деген шектүү кармалып, тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин Жалал-Абад шаарынын "Тазалык" ишканасынын кызматкери Маргуба Хакимованы белгисиз киши сабап кеткени кабарланган. Ал аялды белгисиз эркек киши таш менен чаап, ур-соккуга алып, милиция келгенге чейин качып кеткен. Жыйынтыгында жабырлануучу облустук ооруканага жаткырылган.Факты боюнча топтолгон материал Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында аталган окуяга шектүү катары Сузак районунун К.У. аттуу 30 жаштагы тургуну аныкталып, тергөө иштери башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу шектүүнү тааныган", — деп жазылат маалыматта.
Кийинчерээк жабырлануучу шектүүгө доосу жок экенин айтып, тосмо арызын жазып бергени маалым болду. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби, 16-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.