Суусамырдын жайлоосунда 200 кой кар алдында калды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЗимние чабанские стоянки в Республике Тыва
Зимние чабанские стоянки в Республике Тыва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ жайлоодо калып калган малчыларды көчүрүп келүү аракеттерин көрүүдө.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Суусамырдын Сандык жайлоосунан малды түшүрүү учурунда 200 кой менен төрт жылкы өлгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 9-сентябрда калың жааган кардан улам Суусамырдагы Сандык, Сулуу-Төр, Тегерек-Кайың, Арамза жайлоолорундагы чабандар мал-жандыктары менен ошол жакта калып калышкан болчу.

Аларды жакага түшүрүү боюнча атайын иштер жасалып, ӨКМдин Жайыл районунан ыкчам тобу, авариялык-куткаруу унаасы жана атайын техника тартылган.

"10-сентябрда Сандык жайлоосунан беш чабан 3500 баш кой менен ӨКМ тарабынан Суусамыр айыл аймагына көчүрүлүп келген. Ошол эле күнү 500 баш кой жана төрт жылкыны түшүргөн учурда 200 кой жана төрт жылкы Сокулук ашуусунда өлгөн. Калган 300 кой Сокулук районунун Төш-Булак айылына жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.

Регионы России. Республика Тыва - Sputnik Кыргызстан
Суусамыр жайлоосунда карда калган малды алып чыгуу үчүн трактор тартылды
Ал эми 11-12-сентябрда ӨКМдин ыкчам тобу Сандык жайлоосунан чабандардын тиричилик буюмдарын көчүрүп келишкен.

Андан сырткары, төрт чабан 150 жылкысы менен Арамза жайлоосундагы күрткүдөн аман-эсен өтүп, аталган жайлоодо болжол менен жети чабан мал-жандыгы менен калганын телефон аркылуу кабарлаган. Көчүрүү иш-чаралары бүгүн, 13-сентябрда, улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0