Түнкү клубда сабалган жигит көз жумду. Жалал-Абаддагы окуянын кесепети

© Sputnik / Табылды КадырбековГородская клиническая больница № 4
Городская клиническая больница № 4 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин эки киши кармалганы айтылып, кийин дагы экөө колго түшүрүлгөнү кошумчаланды. Ал эми жабырлануучу кома абалында ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында түнкү клубдардын биринин жанынан сабалган 26 жаштагы жигит каза болгонун калаанын милициясы билдирди.

Эскерте кетсек, окуя 9-сентябрь күнү болгон. Базар-Коргон районунун тургуну менен 22 жаштагы эки баланын ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташ чыккан. Натыйжада базаркоргондук жигит ур-токмокко алынып, облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

"Жабырлануучу кома абалында болчу. Ооруканада эсине келбей каза болду. Ушу тапта бул кылмышка тиешеси бар деп төрт киши кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен каттоого алынып, сотко чейинки тергөө башталды. Иликтөө жүрүп жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0