Чек арадагы жаңжалда кимдин каза болгону аныкталды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКурал жарак. Архив
Курал жарак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-сентябрда кечке жуук тажик чек арачылары Кыргызстандын Максат жана Сай чек ара бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир аскер каза болуп, алты жоокер жаракат алган. Алардын экөөсүнүн абалы оор.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын прапорщиги, 41 жаштагы Равшан Муминов каза болгонун Чек ара кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 16-сентябрда кечке жуук тажик чек арачылары Кыргызстандын Максат жана Сай чек ара бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир аскер каза болуп, алты жоокердин жаракат алганы кабарланган. Алардын баарына медициналык жардам берилип, Исфана шаарындагы райондук ооруканага жеткирилген. Эки аскердин абалы оор.

"Муминов тажик тараптын гранатомету аткан октон каза болду. Ал Максат чек ара бекетинде кызмат өтөп жатканда окко учту", — деп айтылат маалыматта.

Анын артында аялы, үч баласы жана карыган энеси калды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0