Кыргызстандан 500 миң долларлык баалуу таш алып чыгып бараткан киши кармалды

© Фото / пресс-служба ГТС КРЖалпы баасы 500 миң долларга барабар 11,6 килограммдык "Кызыл корунд" табигый ташын алып кетип бара жаткан кишини бажычылар кармады
Жалпы баасы 500 миң долларга барабар 11,6 килограммдык Кызыл корунд табигый ташын алып кетип бара жаткан кишини бажычылар кармады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баалуу ташты мыйзамсыз түрдө алып кетүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны "Манас" аба майданынан колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Жалпы баасы 500 миң долларга барабар 11,6 килограммдык "Кызыл корунд" табигый ташын алып кетип бара жаткан кишини бажычылар кармады. Бул туурасында Бажы кызматынан билдиришти.

"Манас" бажысынын кызматкерлери "Манас" эл аралык аэропортунда Кыргызстандын А. уулу Р. аттуу жаранынын кол жүгүн текшергенде, баалуу таш табылган. Анысы бажылык декларациядан өтпөгөнү аныкталганы айтылат.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүп берилди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0