Ноокатта мал уурдоого шектелген эки милиция кызматкери колго түштү

Жазылуу
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, аталган кылмышка шектүү катары Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Жийде айылынын 23 жана Кызыл-Кыя шаарынын 29 жаштагы жашоочулары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

ОШ, 17-сент. – Sputnik. Ноокатта мал уурдоого шектелген эки милиция кызматкери колго түштү. Бул тууралуу Ош облустук прокуратурасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 15-сентябрында Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн тургундары райондук милицияга кайрылып, 11-сентябрга караган түнү аталган айыл өкмөткө караштуу эгин талаасында аркандалган 4 мал (2 уй, 2 торпок) белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын билдиришкен.

Автомобиль Honda Fit - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: Бишкекте эки киши Honda үлгүсүндөгү төрт унааны уурдаган. Сүрөт
Аталган факт Жазык кодексинин 200-беренесинин ("Уурдоо") негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Жийде айылынын 23 жана Кызыл-Кыя шаарынын 29 жаштагы жашоочулары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кармалган эки жаран тең Кызыл-Кыя шаардык күзөт бөлүмүнүн милиционерлери экендиги белгилүү болду.

Учурда тергөө иштери райондун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүп, кармалгандардын мындан башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо жүрүп жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0