Маевкада пенсионерди коюп кетти делген айдоочу кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековНарушивший закон мужчина в наручниках
Нарушивший закон мужчина в наручниках - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-сентябрь күнү кечинде Маевка айылында кичи автобустун айдоочусу 72 жаштагы эркек кишини сүзүп кеткен. Жаракат алган адам көз жумган.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. 72 жаштагы эркек кишини сүзүп кетти делген айдоочу кармалганын ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын 15-сентябрында болжол менен саат 22:00дөрдө Маевка айылында кичи автобустун айдоочусу пенсионерди сүзүп кетип, ал көз жумган. Милиция күбөлөрдүн жардамы менен шектүүнү издеген.

"Бүгүн, 19-сентябрда, "Коопсуз шаардын" жардамы менен бус табылып, анын 54 жаштагы айдоочусу кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү Аламүдүн райондук ИИБге алынып келип, унаасы айып короого киргизилди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0