Беш киши өлгөн. BMW X5 унаасын айдаган аял ооруканадан СИЗОго которулду

Жазылуу
Жол кырсыктын кесепетинен BMW X5 унаасынын айдоочусунун далысы сынып кеткен. Аялдын абалы жакшырып калгандыктан дарыгерлер аны ооруканадан абакка которууга уруксат берди.

ЫСЫК-КӨЛ, 20-cен. — Sputnik. Ысык-Көлдө беш кишинин өмүрүн алган кырсыкка себепкер BMW X5 үлгүсүндөгү унаанын ооруканадагы айдоочусу Каракол шаарынын тергөө абагына которулду. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер 41 жаштагы Ф.Е. аттуу айдоочу аялдын абалы жакшырып калгандыгына байланыштуу 16-сентябрь күнү аны ооруканадан абакка которууга уруксат беришкен.

"Жол кырсыктын кесепетинен BMW X5 унаасынын айдоочусунун далысы сынып кеткен. 16-сентябрга чейин ал Ысык-Көл райондук ооруканасынын травматология бөлүмүндө жаткан. Азыр анын абалы жакшырып калгандыктан тергөө абагына киргизүүгө болот. Буга дарыгерлер уруксат берди. Эми аял сотко чейинки териштирүү иштери аяктаганча камакта болот", — деди Усубакунов.

Жол кырсыгына кабылган келин. Иллюстрадивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жүрөк үшүткөн кырсык болуп, бир аял мүрт кетти. Видео
Эске салсак, жол кырсыгы 30-август күнү болуп, Кызыл-Өрүк жана Сары-Камыш айылдарынын ортосунда BMW X5 менен BMW жеңил унаасы кагышып, беш адам каза тапкан. Алардын арасында бир жаштагы наристе да бар болчу. Жолтандабастын аял айдоочусу менен жүргүнчүсү түрдүү жаракат менен ооруканага жаткырылган.

Сот айдоочунун баш коргоо чарасын тандаган. Ага ылайык, 41 жаштагы аял 3-ноябрга чейин Каракол шаарындагы №3 тергөө абагына киргизилмей болгон. Бейтап ооруканадан чыга электигине байланыштуу соттун мындай чечими күчүнө кире элек эле.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0