Атамбаевдин жан сакчысы талапка төп келбейт делип иштен алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг сторонников бывшего президента Алмазбека Атамбаева в Бишкеке
Митинг сторонников бывшего президента Алмазбека Атамбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаевдин адвокаттарынын бири Замир Жоошев экс-мамлекет башчынын жан сакчысы Канат Сагымбаев кызматтан алынганын социалдык тармактагы баракчасына жазган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. УКМКнын жеке коопсуздук кызматы мекеменин 9-кызматында иштеген Канат Сагымбаевге карата эки ирет ички иликтөө иштери жүргөн.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин адвокаттарынын бири Замир Жоошев экс-мамлекет башчынын жан сакчысы Канат Сагымбаев мурдагы президентти туулган күнү менен куттуктаган видеосунан улам кызматтан алынганын социалдык тармактагы баракчасына жазган болчу. 17-сентябрда Атамбаев 63 жашка чыкты. Анын тарапташтары жана партиялаштары видеокуттуктоо чыгарышкан болчу.

УКМКнын маалымдашынча, Сагымбаев июлда кызматтык куралды өткөрүп берүү боюнча буйрукка баш ийбей, кайтаруу объектиси жок калган учурда да атайын техниканы гаражга кайтарып берген эмес. Жыйынтыгында ага кызматтык абалына дал келбей тургандыгы жарыяланган.

"2019-жылдын сентябрында кызматтык тергөөнүн жыйынтыгында УКМКдагы ички эрежени бузуп, ЖМК өкүлдөрү менен байланышкан", — деп айтылат маалыматта.

Кызматтык тергөөнүн жыйынтыгында Сагымбаев "Кызмат абалына дал келбейт" деген берене менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиндеги ишинен четтетилген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0