Шамалдан кулаган бутактар. Архив

Дарактар теңселип... Таңга жуук Бишкекте болгон катуу шамалдын видеосу

4929
(жаңыланган 10:42 23.09.2019)
Бишкек мэриясынан таңга жуук болгон катуу шамалдан улам жабыркагандардын бар-жогу такталып жаткандыгын билдиришти.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Таңга маал Чүй облусу менен Бишкек шаарында ылдамдыгы секундасына 15 метрге жеткен шамал катталды деп билдиришти ӨКМден.

Министрликтен анын кесепети туурасында маалыматтар жок экендигин, учурда республика боюнча абал тынч экендигин кошумчалашты.

Последствия сильного ветра в Бишкеке
© фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
Айни — Айтматов көчөсүндөгү кулаган чатыр

Ал эми таңга маал болгон шамал боюнча социалдык тармактарга Бишкек шаарынын тургуну Алишер Ташматов тарткан видео тарады.

Ал эми кээ бир колдонуучулар Sputnik Кыргызстандын WhatsApp-каналы менен "Бишкек сегодня" Telegram-группасына анын кесепеттерин жарыялады. Анда Айни — Айтматов көчөсүндөгү кулаган чатырдын сүрөтү тартылган.

Ал эми "Түндүк электр" ишканасынан авариялык кырдаалды жөнгө салууга даяр экендигин, эгер чакыруу болсо барышарын билдиришти.

Ал эми Бишкек мэриясынан жабырлангандар бар-жогу такталып жаткандыгын билдиришти.

4929
Белгилер:
шамал, ӨКМ, Бишкек, Чүй облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Көлдүн Ак-Суусунда катуу шамалдан жабыркаган 33 жаштагы бейтап каза болду