Прокуратура: Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши менен таанышып бүттү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принял Председателя Госкомитета национальной безопасности
Президент Алмазбек Атамбаев принял Председателя Госкомитета национальной безопасности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш сентябрь айынын башында тергелип бүткөн болчу.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандан мыйзамсыз чыгып кеткен кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши менен таанышып бүттү. Бул тууралуу Кой-Таштагы окуялардын чоо-жайын иликтеген мамлекеттик комиссиянын бүгүнкү жыйынында Башкы прокуратуранын тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев билдирди.

Мурдагы президент Атамбаев Азиз Батукаевдин иши менен таанышып бүткөн-бүтпөгөнүнө жана анын андан ары сотко өтүшү боюнча маселеге депутат Бакирдин Субанбеков кызыкты.

Өз кезегинде Бейшекеев учурда Атамбаев тараптан келип түшкөн өтүнүчтөр каралып жатканын кошумчалады.

"Мурдагы президент иш менен таанышып бүтүп, өтүнүчтөрүн киргизди. Бүгүнкү күнү тергөөчү өтүнүчтөрдү кабыл алуу же четке кагуу маселесин карап жатат", — деди ал.

Батукаевдин иши

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кой-Таш боюнча мамкомиссия төрагага кат жолдойт
Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, Аламүдүн соту тарабынан 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылган деп бошотулуп, Кыргызстандан Грозныйга учуп кеткен. 2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

Батукаевдин бошотулушуна Алмазбек Атамбаевдин да түз тиешеси болгон деген кине менен мурунку президенттин өкүлдөрүнө үч ирет суракка чакыруу берилген. Атамбаев ИИМге баруудан баш тарткандан кийин 7-август күнү УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгү мурунку президентти мажбурлап алып келүү тапшырмасы менен анын Кой-Таштагы үйүнө басып кирген. Бирок Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган.  Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, акыркы маалыматтар боюнча, 140ка чукул адам ар кандай жаракат алган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0