Токмокто кишини уурдады деп шектелген жаран кармалды

© AP Photo / Adel HanaСлучаи торговли людми
Случаи торговли людми - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22-сентябрда Токмок шаарында эки киши 44 жаштагы адамды күчкө салып автоунаага отургузган тейде алып кетишкен. Бул окуядан кийин аны милиция издеп баштаган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Токмок шаарында киши уурдоого шектелген жаран кармалганын Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

22-сентябрда аларга жашыруун кат келип түшкөн. Анда 40-45 жаштагы эки киши дагы бирөөнү автоунаага зордоп отургузуп, белгисиз жакка алып кеткендиги кабарланган. Уурдалган адам 44 жаштагы В.Ч. аттуу тургун экени аныкталган.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен катталганы кабарланды.

"Кишини салып кеткендердин автоунаасы такталган. Маалыматтардан кийинки иштерде 43 жаштагы К.Д. деп аталган жергиликтүү тургун кармалды. Ал Токмоктогу үйлөрдүн биринде 44 жаштагы адамды кармап турган. Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмыш уурдалган адамдан акча өндүрүү үчүн жасалган. Ал киши шеригине карта ойноп, акча карыз болуп калгандыгы айтылды.

Учурда окуянын чоо-жайы дыкаттык менен текшерилүүдө. Маалыматта сотко чейинки териштирүү иштери уланып жаткандыгы кабарланды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0