5000 доллар талап кылышкан. Кармалган милиционерлердин таржымалы

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность работников МВД Кыргызстана
Деятельность работников МВД Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМден бул кесиптештери туурасында дагы бир маалыматты кошумча билдиришти. Буга чейин бул үч ыкчам кызматкердин үстүнөн дагы бир Г.В. аттуу жарандан 5000 сом талап кылган деген арыз түшкөн.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Октябрь РИИБинин пара алып жатып колго түшкөн төрт милиционери алгач бишкектик тургундан 5000 доллар талап кылган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 23-сентябрдын кечинде Финансы полициясынын кызматкерлери Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн төрт милиционерин пара алып жаткан жеринен кармагандыгы кабарланган.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Токмок прокурорунун жардамчысы кытай жаранынан 15 миң доллар опузалаган
Милицияга арыз 16-сентябрда келип түшкөн. Анда Т.С. аттуу тургун "сага тийбейбиз, иш козгобойбуз" деп беш миң доллар талап кылып жатканын билдирген. Бул Финансы полициясында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Акча талап кылуу" беренеси менен катталган.

Андан соң 23-сентябрда Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Октябрь районунун Криминалдык милициясынын кызматкерлери, үч ага лейтенант — К.Э., Т.Э., Д.Н. кармалган.

Аларды тинте келгенде 1000 доллар акча чыккан.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери милициянын ага лейтенантынын (П.А.) кабинетинен акча талап кылган жаран боюнча соттук өндүрүшкө жетпей кыскартылган иш боюнча документ табылган. Ал адам да Финполицияга жеткирилген.

Сурак бүткөндөн кийин милициянын төрт кызматкери тең Бишкек шаарындагы убактылуу кармоо жайына жеткирилген.

ИИМден бул кесиптештери тууралуу дагы бир маалыматты кошумча билдиришти. Буга чейин бул үч ыкчам кызматкердин үстүнөн дагы бир Г.В. аттуу жарандан 5000 сом талап кылган деген арыз түшкөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0