Шылдыңы өттү! Агасын өлтүрүп сөөгүн өрттөп ийди делген жигит көрсөтмө берди

© AFP / FILIPPO MONTEFORTEСход лавины недалеко отеля Rigopiano в Италии
Сход лавины недалеко отеля Rigopiano в Италии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү агасы аны ар дайым элдин көзүнчө келекелеп, ачуусуна тийип жүргөнүн билдирген. Ошондой эле бир тууганы апасы менен карындашына да кол көтөрүп келгенин кошумчалаган.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Ош шаарынын Төлөйкан айылынын 28 жаштагы тургуну киши колдуу болгону аныкталып, шектүү катары бир тууган иниси кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Случаи торговли людми - Sputnik Кыргызстан
Токмокто кишини уурдады деп шектелген жаран кармалды
Маалыматка караганда, милицияга Жолдошбай Аваз уулу жакындары тарабынан өлтүрүлүп, үйүнүн батыш тарабында жайгашкан ээн талаага көмүлгөнү тууралуу маалымат түшкөн. Ал эми туугандарын суракка алганда алар жигит Россияга иштегени кеткени тууралуу айтып келишкен.

Иликтөө иштеринин натыйжасында кечээ, 23-сентябрда, шектүү катары маркумдун 23 жаштагы бир тууган иниси колго түшүрүлдү. Ал жасаган кылмышын моюнга алып, маркумдун сөөгүн эски дөңгөлөктөр менен өрттөп жибергенин, калдыктарын көөмп койгонун билдирген.

"Агам кичине кезимден баштап мени келекелеп, көпчүлүктүн көзүнчө шылдыӊдай берчү. Көп ирет колу тийген. Ал тургай апама, карындашыма дагы кол көтөрчү. Былтыр сентябрь айында дагы мас болуп, колуна ичимдик көтөрүп келди. Карындашым менен апам коркуп үйдөн качып кетишиптир. Келип эле мага тийишип, ура баштады. Ачуум келип бөлмөдө турган көсө менен башына чаап жибердим. Агам жерге жыгылып, дем албай калды. Мен анын сөөгүнөн кутулуу үчүн талаага алып барып өрттөп, ошол жерге көөмп койдум. Сурагандарга "Россияга кеттим" деп үйдөн чыгып кеткен деп айтып жаттым", — деп шектүү көрсөтмө берген.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0