Финпол автоунааны мыйзамсыз ташыган коррупциялык схеманы аныктап чыкты

© Фото / пресс-служба ГСБЭПНезаконный ввоз грузового авто марки Volvo в Кыргызстан
Незаконный ввоз грузового авто марки Volvo в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда соттук иштер жүргүзүлүп жатканы айтылат. Анын алкагында мамлекетке келтирилген чыгым кайтарылып, кылмышка аралашкан адамдар такталмакчы.

БИШКЕК, 26-cен. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы кызматынын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондук бөлүмдөрү тарабынан өлкө аймагына мыйзамсыз Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын мыйзамсыз киргизилген фактысы катталды. Бул туурасында Финансы полициясынан кабарлашты. 

© Фото / пресс-служба ГСБЭПМыйзамсыз киргизилген Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа
Финпол автоунааны мыйзамсыз ташыган коррупциялык схеманы аныктап чыкты - Sputnik Кыргызстан
Мыйзамсыз киргизилген Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренеси менен ("Экономикалык аткезчилик") Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Обращение сома в КР - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура бирдиктүү эсепке баш-аягы жарым миллиард сом которду
Тийиштүү иш-чаралардын жүрүшүндө 2003-жылы чыккан Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа токтотулуп, ЖКККББнын айып короосуна киргизилген.

Маалыматка ылайык, унаа өлкө аймагына киргизилген болуп, документтер жасалмаланган. Бирок иш жүзүндө машина болгон эмес. Кылмышты жашыруу үчүн унааны бир нече ирет Мамлекеттик каттоо кызыматынан каттоодон өткөрүшкөн.

Мамлекеттин бюджетине түшпөгөн бажы төлөмдөрү 1 миллион сомду түзгөн.

Учурда соттук иштер жүргүзүлүп жатканы айтылат. Анын алкагында мамлекетке келтирилген чыгым кайтарылып, кылмышка аралашкан адамдар кармалмакчы.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0