Тапанча. Архивдик сүрөт

ИИМ: Кара-Суудагы спортчулардын атышуусу боюнча иш козголду

217
(жаңыланган 12:24 26.09.2019)
Ушул тапта ИИМдин Ош облусу боюнча тергөө кызматы сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүп, анын алкагында окуяга күбө адамдарды суракка алып бүттү.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы спортчулардын атышуусу боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, 22-сентябрга караган түнү Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы спорт комплекстеринин биринде эки спортчу сөз талаша кетип, ортодо чыр чыгып, бири экинчисине ок аткан. Жабырлануучу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына 22-сентябрь күнү эртең мененки саат 9:00дөр чамасында кайрылган. Кийин жабыркаган адам милициянын мурдагы кызматкери болсо, ок аткан киши Кыргызстанга таанымал спортчу экени айтылган.

"Жабырлануучу 29 жаштагы Ош облусунун тургуну экени бегилүү болду. Ок анын жамбаш жагына тийген, учурда ооруканада. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазыктар кодексинин 138-беренесине («Ден соолукка оор залал келтирүү») ылайык тергөө иштери жүрүп жатат", — деп жазылат билдирүүдө.

Алдын ала иликтөөлөр учурунда окуяга күбө болгон жана жабырлануучуну ооруканага жеткирген жарандар суракка алынды. Ушуп тапта ИИМдин Ош облусу боюнча тергөө кызматы сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

217
Белгилер:
кылмыш иши, ден соолук, милиция, спортчу, Ош облусу
Тема боюнча
Кара-Суудагы спортчулардын атышуусу. Окуянын чоо-жайы
Оштун Кара-Суусунда атышуу болуп, бир киши ок жеди