Жолду өтүп жаткан адамдар. Архив

Милиция апрелдин түнүндөгү автокырсыкка күбө болгондорду издеп жатат

106
(жаңыланган 11:44 28.09.2019)
Окуя боюнча Свердлов райондук милициясы ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, маркумдун ким экенин тактаган. Ал Жалал-Абад облусунда туулган 52 жаштагы мурда соттолгон адам болуп чыкты.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Борбор калаанын Свердлов райондук милициясы апрель айында автоунаа койдуруп кетип каза тапкан кишинин ким экендигин аныктап, кырсыкка күбө болгондорду издеп жатат. Бул маалыматты ИИМ таратты.

29-апрелде милицияга Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна азиат тектүү, 50-55 жаштар чамасындагы киши ар кыл жаракат менен түшкөндүгү кабарланган.

"Дарыгерлер ал адамдын 20-апрелде Бишкек шаарындагы Боталиев менен Мусогорский көчөлөрүнүн кесилишкен аймагынан болжол менен саат 23:45терде табылып, кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгын айтышкан. Бейтап эки күндөн кийин алган жаракатынан улам көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бишкекте үч унаанын кагышуусунан бир аял мертинди
© фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
Окуя боюнча Свердлов райондук милициясы ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, маркумдун ким экенин тактаган. Ал Жалал-Абад облусунда туулган 52 жаштагы мурда соттолгон адам болуп чыкты.

Алдын ала божомолдор боюнча, өлүмүнө травмадан алынган шок жана көкүрөк, бел жагынын жаракаты себеп болгон. Адистер бул автоунаа коюп кеткен жаракатка мүнөздүү деген жыйынтык чыгарган.

Милиция апрель айында бул кырсыкты көргөн-билгендерди, күбө болгондорду байланышка чыгууну суранат.

"20-апрелде болжол менен кечки саат 23:45тер чамасында болгон автокырсык боюнча маалыматы бар, көргөн адамдарды окуянын кандай болгондугун тактоо макстында милиция менен байланышууга чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык милициясы 0(707) 272-744,0(708) 405-580 жана 102 телефондоруна чалып, байланышууну өтүндү.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
106
Белгилер:
жол кырсык, өлүм, оорукана, Свердлов району, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (240)
Тема боюнча
Бишкекте Sprinter коюп кеткен пенсионер аял каза болду