УКМК: жерди 2 млн. сомго саткан мэриянын өкүлү камакка алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөлүм башчы мэриянын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин колун жасалмалап, жерди бир категориядан башка категорияга которууга аракет жасаганы аныкталган.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм башчысы жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган факты аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мэриянын А.Н. аттуу кызматкери 7,2 гектар жерди бөлүп берем деп 2 миллион сом алганы аныкталган.

"А.Н. коомдук фонддордун биринин мүчөсүнүн ишенимине кирип, Биринчи Май районуна караштуу Калыс-Ордо конушунан 7,2 гектар жерди турак жай куруу үчүн мыйзамсыз бөлүп берүү үчүн 2 миллион сом алган. Ошондой эле бөлүм башчы мэриянын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин колун жасалмалап, жерди бир категориядан башка категорияга которууга аракет жасаган", — деп айтылат маалыматта.

Фактынын негизинде мэриянын бөлүм башчысы А.Н. менен Кыргызстандын С.А. аттуу жараны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында башка адамдардын катышуусун аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0