Курсан Асанов Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча сотто көрсөтмө берди

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЗаместитель МВД КР Курсан Асанов
Заместитель МВД КР Курсан Асанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот ички иштер министринин мурдагы орун басары 2010-жылы май айында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп тургандыктан көрсөтмө берүү үчүн чакырган.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Биринчи Май райондук сотуна Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча күбө катары чакырылды.

Текебаев менен Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайлардан улам биринчи инстанцияга жөнөтүлгөн болчу. Иш Биринчи Май райондук сотунда судья Айнура Сатарованын төрагалыгы алдында каралып жатат.

Мамлекеттик айыптоочу "Альфа Телеком" ЖАКнын контролдук пакетин сатуу үчүн 2010-жылы 13-майда Чотонов менен Маевский "Супара" ресторанында жолукканын айткан.

"2010-жылы 13-майда мен Ошко тик учак менен келген Чотоновду, Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Курманкул Матеновду, ички иштер министринин мурдагы орун басары Бакыт Алымбековду жана мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду тосуп алгам. Тик учак күндүз келген, так саатын билбейм", — деди Асанов.

Өмүрбек Текебаевдин иши

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун Альфа Телеком компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш иши кайра карала баштады - Sputnik Кыргызстан
Текебаевдин ишин кайра кароо: жаңы күбөлөрдүн аты аталды. Сүрөт
2017-жылы февралда россиялык ишкер Леонид Маевский "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Альфа Телеком" компаниясын башкарууга мүмкүнчүлүк берем деп андан миллион доллар алганын билдирген. Тергөө иши УКМКга берилип, козголгон кылмыш ишинин алкагында Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов кармалган. Биринчи Май райондук соту 16-августта Текебаевди «Коррупция» беренеси боюнча айыптуу деп таап, сегиз жылга кескен. Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырып, кийин Текебаев депутаттык мандатынан ажыратылган.

Россиянын Мамлекеттик Думасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский кийин Москва шаарында кармалган. Ал тарапташтары менен "Альфа-групп" менен "А1" компанияларынан 40 миллион доллар талап кылган. Эгер айтылган сумманы бербесе, алардын кадыр-баркына шек келтире турган маалыматтарды таратабыз деп коркуткан деп айыпталууда.

Кыргызстандын Жогорку соту жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти кайра тергөө керектигин айтып, Текебаев менен Чотоновду 29-августта үй камагына чыгарган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0