БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш тергелип бүттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында 19 шектүүгө билдирме берилди. Алардын катарында УКМКнын мурдагы башчысы Бусурманкул Табалдиев дагы бар. Ага шектелип жатканы боюнча сыртынан билдирме берилип, эл аралык издөө жарыяланды. Табалдиев Интерполдун линиясы боюнча дагы изделмекчи.
"14 шектүү тергөө менен кызматташууга макулдугун берип, алар менен келишимге кол коюлду. 18 шектүү кылмыш иштин материалдары менен таанышты. Ал эми кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун териштирүү үчүн 27-сентябрда материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Бусурманкул Табалдиев 2006-жылы Бакиевдин жана 2013-жылдан 2015-жылга чейин Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда УКМКнын башчысы болуп турган. Ошондой эле 2011-жылдан 2013-жылга чейин Коргоо кеңешинин катчысы болуп эмгектенген.
Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.
Батукаевдин бошотулушуна Алмазбек Атамбаевдин да түз тиешеси болгон деген кине менен мурунку президенттин өкүлдөрүнө үч ирет суракка чакыруу берилген. Атамбаев ИИМге баруудан баш тарткандан кийин 7-август күнү УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгү мурунку президентти мажбурлап алып келүү тапшырмасы менен анын Кой-Таштагы үйүнө басып кирген. Бирок Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, акыркы маалыматтар боюнча, 140ка чукул адам ар кандай жаракат алган.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандык аял жолдошу жиберген беш миң долларды коротуп салганы үчүн коркуп, өзүнө кол салуу уюштурган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.
2020-жылдын 29-декабрында 42 жаштагы Э.Г. аттуу аялдан арыз түшкөн. Анын айтымында, үйүнө бет кап кийген белгисиз эки киши кирип келип сабап, беш миң долларын алып кеткен.Факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда аял мындай сценарийди мурдагы жолдошу менен ишке ашырганы аныкталган. Тартип сакчылар 42 жаштагы Э.Г. менен 39 жаштагы С.О. деген шектүүлөрдү милициянын бөлүмүнө жеткиргенден кийин алар күнөөсүн мойнуна алышкан.
"Аял жолдошу чет өлкөдөн жиберген акчасын коротуп салгандыктан коркуп ушундай кадамга барганы белгилүү болду", — дешти милициядан.
Учурда тергөө амалдары уланып жатат.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Алай районунда Honda Stepwagon үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка учурап, 36 жаштагы айдоочу окуя болгон жерде каза болгон. Маалыматты Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Алтынбек Теңизбаев тастыктады.
Анын айтымында, кырсык 19-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунун 62-чакырымында, тактап айтканда, Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы Чыйырчык ашуусунда болгон.
Анын кесепетинен автоунаанын ичинде жүргүнчү катары бара жаткан Алай районунун 24, 25, 41, 54, 61 жаштагы жашоочулары жана Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну ар кандай жарааттарды алып, райондук ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу Ш.Д. алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.