Өзбекстандан Баткенге качып келип, атын өзгөртүп жашап жүргөн кылмышкер кармалды

© AFP / Loren ELLIOTTНезаконная миграция из Мексики в США
Незаконная миграция из Мексики в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
С.А. аттуу киши Ташкент шаарында өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн соттолуп, бирок из жашырып кеткендиктен тартип коргоо органдары ага издөө салган.

ОШ, 1-окт. – Sputnik. Өзбекстанда адам өлтүрүү, зордуктоо боюнча соттолуп, 2010-жылдан бери издөөдө жүргөн киши Кыргызстандагы Кадамжай районунан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Ал Ташкент шаарында өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн соттолуп, бирок абактан качып чыгып, издөөгө алынган.

Задержание подозреваемых в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Эки кытай жаранын мыкаачылык менен өлтүргөн кыргызстандык Петербургдан кармалды
2016-жылы Өзбекстан менен чектешкен Кыргызстандын Кадамжай районунун Исмат-Какыр айылы аркылуу мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн да, Кызыл-Кыя шаарында жана Кадамжай районунда жашырынып жашап жүргөн.

Баткен облусунун аймагында өзүн Б.К. аттуу башка ысым менен тааныштырып, жашап жүргөн. Үй-бүлө курууга да жетишкен.

Аталган райондун Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана 10-бөлүмдүн кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ал Кызыл-Кыя шаарынан кармалган.

Иликтөө учурунда анын Б.К. эмес, 1983-жылы туулган өзбекстандык С.А. экендиги аныкталды.

Кылмышкер боюнча топтолгон материалдар УКМКга өткөрүлүп берилди. Азыркы күндө бул адамдын үстүнөн Кызыл-Кыя жана Кадамжай шаарынын бир нече тургуну арызданып милицияга кайрылган.

"Ал жергиликтүүлөрдүн ишенимине кирип, жалпы суммасы 300 миң сомду алдап алып жүргөнү аныкталды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", — деп айтылган маалыматта.

Азыр кылмышкер Өзбекстанга өткөрүп бериле элек.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0