Түндө Чоң Чүй каналына 19 жаштагы жигит чөгүп кетти

Жазылуу
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруучулары тартылган. Азырынча жигит табыла элек.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бүгүн түндө 19 жаштагы жигит Бишкектеги Чоң Чүй каналына чөгүп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-октябрга караган түнү саат 01.19да бир кишинин Алма-Ата көчөсү жактагы каналга түшүп кеткени тууралуу айтылган.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылган. Азырынча жигит табыла элек.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0