Автобус. Архивдик сүрөт

Күн-Тууда автобустун эшигине кыпчылып калган окуучу көз жумду

820
(жаңыланган 12:57 04.10.2019)
Кырсык бүгүн, 3-октябрь күнү, саат 16.20лар чамасында болгон. Тилекке каршы, оор жаракат алган 5-класстын окуучусу каза болуп калды.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Күн-Туу айылында эл ташыган №18 автобустун эшигине кыпчылып, асфальтка сүйрөлгөн бала каза болуп калды. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККБнын маалымат катчысы Темирлан Мирсадык уулу билдирди.

Кырсык бүгүн, 3-октябрь күнү, саат 16.20лар чамасында болгон. Жерине милиция кызматкерлери менен медиктер барган.

"Алдын ала маалымат боюнча, автобустун айдоочусу окуучу арткы эшиктен чыгып баратканын байкабай эшикти жаап салган. Натыйжада баланын бир буту кыпчылып калып асфальтка сүйрөлгөн. Айдоочу баланы көрөр замат автобусту токтоткон", — деди катчы.

Оор жаракат алган 5-класстын окуучусу ошол жерден жан берген. Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. ЖКККБдан кийинчерээк толугураак маалымат берилерин убадалашты.

820
Белгилер:
кырсык, автобус, Күн-Туу айдоочу
Тема боюнча
Бейкапар жүргөн балыкчыларды көпүрө басып калган. Чочуткан видео
Бишкектеги жол кырсыктан автоунаа оодарылып, үч киши жабыркады
Кыргызстанда жыл сайын канча жол кырсыгы болот? Жүрөк ооруткан график