Автобустун алдында калган баланын өлүмү. Милиция каргашанын чоо-жайын айтты

© Фото / Пресс служба УОБДД по УВД Чуйской областиГибель школьника под колесами автобуса в селе Кун-Туу Чуйской области
Гибель школьника под колесами автобуса в селе Кун-Туу Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеткинчек автобус бир нече метр жүргөндө арткы дөңгөлөгүнө кирип кеткен. Бул учурда айдоочу окуучунун кыпчылып калганын көргөн эмес.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. 3-октябрда саат 15:30дар чамасында Маевкадан чыгып Күн-Тууну көздөй бараткан №18 автобустун дөңгөлөгү алдында калып көз жумган баланын кийими темирге кыпчылып калып, бир нече метрге чейин сүйрөлүп барган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Каргаша тууралуу кечээ белгилүү болгон. Баланын 2008-жылы туулган 5-класстын окуучусу экени айтылды. 

© Фото / Пресс служба УОБДД по УВД Чуйской области3-октябрда саат 15:30дар чамасында Маевкадан чыгып Күн-Тууну көздөй бараткан №18 автобустун дөңгөлөгү алдында калып көз жумган баланын кийими темирге кыпчылып калып, бир нече метрге чейин сүйрөлүп барган
Автобустун алдында калган баланын өлүмү. Милиция каргашанын чоо-жайын айтты - Sputnik Кыргызстан
3-октябрда саат 15:30дар чамасында Маевкадан чыгып Күн-Тууну көздөй бараткан №18 автобустун дөңгөлөгү алдында калып көз жумган баланын кийими темирге кыпчылып калып, бир нече метрге чейин сүйрөлүп барган

Маалыматта бала автобустун алдыңкы эшигинен түшкөндө кийиминин боосу илинип чыкпай калып, автобус бир нече метр жүргөндө арткы дөңгөлөгүнө кирип кеткен. Бул учурда айдоочу окуучунун кыпчылып калганын көргөн эмес. 

© Фото / Пресс служба УОБДД по УВД Чуйской областиКаргаша тууралуу кечээ белгилүү болгон
Автобустун алдында калган баланын өлүмү. Милиция каргашанын чоо-жайын айтты - Sputnik Кыргызстан
Каргаша тууралуу кечээ белгилүү болгон

"Бала №4 шаардык ооруканада эсине келбеген боюнча каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Учурда бардык экспертизалар дайындалып, автобус айып короого токтотулуп, айдоочу кармалды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0