Баңгизат жасоо үчүн 1,5 тонна күкүрт кислотасын ташып бараткандар кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин лаборатория кызматкери. Архив
ИИМдин лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмыштуу топко кирген адамдар ири өлчөмдөгү баңгизат жасоочу каражатты алып бараткан. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматы 1 тонна 446 килограмм кислота алып бара жаткан адамдарды кармады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Кылмыштуу топ мындай күкүрт кислоталарынан ири өлчөмдө баңгизат жасап жүргөнү айтылат.

Табылган товарлардын жана аны ташып бараткан жарандардын сүрөтү аталган кызматтын Instagram баракчасына жарыяланды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от СБНОН МВД КР (@sbnon_kg)

Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0