"Макмалда" иштеген кишинин аялын өлтүртүп... 90-жылдардагы кылмыштар

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи нападения на человека с ножом
Случаи нападения на человека с ножом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймагында 25 жыл мурун болгон окуяларды гезит беттеринен барактап окууга болот. Кылмышкерлердин айрымдары боорду эзсе, кээси жан кейитет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 1994-жылы сентябрь айында болгон чуулгандуу кылмыштарды тизмектейт.

Москвада чуу салгандар

Муштум түйүп турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеминде кызды зордуктайм деп өлтүрүп салган. Шектүү кармалды
Москвада көптөн бери рэкетчилик менен алектенген эки кыргызстандык ал жактан жакшы эле орун-очок алып калган. Буга чейин соттолгондор соодагер, жай тургундарды курал менен коркутуп тыйын алып, негизинен талап-тоноочулук менен алектенчү. Бир күнү алар Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдындагы мейманканага барып, Бишкектен келген милиция кызматкерлерине кол салган. Погончондордун экөөсүн катуу сабап опузалашкан. Үчүнчүсү окуяга кокусунан күбө болуп, ок чыгарууга мажбур болгон. Эки шектүү тең окуя болгон жерде жарадар болуп, ооруканага жеткирилген. Ошентип чет жакта иштеген мекендештер Москванын чок ортосунда ызы-чуу салып Кыргызстанда соттолгон.

Зөөкүр зордукчулар

Буга чейин түрдүү кылмыштарга аралашып, темир тор артында отуруп чыккан достор кезигип калып майрамдашкан. Үчөө коомдук жайда арак ичип, баарлашуусун үйдө уланткан. Мас болгон шериктер кеңешип, кылаарга иш издеп кылмыш жасоого бел байлайт. Алар жаш келиндин үйүнө жолдошунун жогунан пайдаланып балкон аркылуу кирип, аялды канжалата сабап, колу-бутун байлап, үчөөлөп зордуктаган. Зөөкүрлөр кожойкени оор абалда байланган боюнча калтырып, үйдөгү баалуу оокаттарды жыйнап кеткен. Кийин бир нече тергөөчү шектүүлөрдүн изине түшүп кармаган. Сот бирөөнү алты, калган экөөнү сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

Бычакталган келин

Случаи нападения в КР - Sputnik Кыргызстан
Төрт баланын энеси эле. Сузакта аялын бычактап өлтүрдү делген киши кармалды
Өз үйүндө 23 жаштагы келин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Төрт жолу бычак жеп, кекиртеги кесилген аял көп кан жоготуп, дарыгерлер келгенче эле көз жумган. Маркумдун сөөгүн сиңдиси үйгө келип көрүп калган. Укук коргоо кызматкерлери муну буюртма өлтүрүү деп эсептешүүдө. Кылмышкердин изине түшүү үчүн милиционерлер бир да илинчек таба алышкан эмес. Бычакталган аялдын жолдошу "Макмал" алтын комбинатында жогорку кызматты ээлегендердин бири болгон.

Шаолинге качкан өспүрүмдөр

1994-жылдын тогуз айында кыргызстандык чек арачылар өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракет кылган беш өспүрүмдү кармаган. Алардын экөө ата-энесине таарынып Пакистанга өтүп кетмек болгону аныкталган. Калган үчөө Шаолинге барып, мушташуу ыкмасын үйрөнгүсү келген окуучулар болгон. Чек арачылар мындай окуялардын көп болуусуна ата-энелердин жоопкерчиликсиздиги менен чет элдик тасмалардын таасири дешкен.

Аялын, өзүн атып...

Борбор калаадагы ишканалардын биринин ээси менен келинчеги экөөнүн сөөгү өз үйүндө табылган. Тергөөчүлөр көпкө чейин каргашанын себебин тактай албай убара болгон. Кийин эркек киши жубайын үйдөгү мылтык менен атып, анан өзүн атып өлтүргөнү аныкталган. Ишкер компаниясынын банкротко кабылышынан улам карызга белчесинен батып, аласа-бересесинен кутулуу үчүн автоунаасын сатып, үйүн күрөөгө койгону белгилүү болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0