Көмүр шахтасы. Архив

Баткен: эки күндө көмүр казып жатып 6 адам көз жумду. Арасында бир туугандар бар

1443
(жаңыланган 15:05 07.10.2019)
Кайгылуу окуянын бири ишембиде Сүлүктү шаарында, экинчиси жекшембиде Кадамжай районунда болгон. Каза болгондордун арасында үч бир тууган бар экени айтылды.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бүгүн Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн "Боз" тилкесинде жайгашкан шахтада өз алдынча көмүр казып жаткан учурда газга ууланып үч киши каза болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

"Боз" тилкесиндеги шахтада 21, 42 жана 33 жаштагы үч эркек киши өз алдынча көмүр казып жаткан учурда газга ууланып каза тапкан. Окуя 6-октябрь күнү түш ченде  болгон", — деп айтып беришкен министрликтен.

Кырсык болгон жерге барган ӨКМдин 9 куткаруучусу каза болгондордун сөөгүн шахтанын түбүнөн чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп берген.

Кечээ Сүлүктүдө үч бир тууган көз жумду

Бул эки күндөн берки көмүр казып жатканда адам каза болгон экинчи окуя. Биринчи кырсык кайрадан эле Баткен облусунда кечээ, 5-октябрда, катталган. Cүлүктү шаарында "Абдукахар кен" шахтасында газга ууланып, үч бир тууган каза болгон деген маалыматты ӨКМ тастыктады.

"ӨКМге аталган шахтада газ чыгып, адамдар уулангандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге алты куткаруучу барып, газга ууланган, абалы оор үч адамды шахтадан алып чыгып, медиктерге өткөрүп берген", — деп билдиришти министрликтен.

Алар Сүлүктү шаарындагы ооруканага жеткирилгени менен үчөө тең каза болуп калган. Маркумдардын 44, 42 жана 40 жаштагы бир туугандар экендиги айтылды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
1443
Белгилер:
өлүм, көмүр, шахта, Кадамжай, Сүлүктү, Баткен облусу
Тема боюнча
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жигиттин сөөгү табылды
Автобустун алдында калган баланын өлүмү. Милиция каргашанын чоо-жайын айтты

Автомат менен кирип, колуна кишен кийгизип. Камчы Көлбаевди кармаган видео

892
(жаңыланган 16:35 22.10.2020)
Көлбаевге карата Жазык кодексинин "Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди колго түшүргөн учурдун видеосун жарыялады.

Эске салсак, бүгүн, 22-октябрда, Бишкектеги спорт клубдардын биринен Камчы Көлбаев кармалып, УКМКга алып келинген.

Ага карата Жазык кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу") боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

892
Белгилер:
кримавторитет, Камчы Көлбаев
Тема боюнча
УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты
Камчы Көлбаев кармалды
Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео

Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео

409
Ош облусунда криминалдык чөйрөдөгү адамдардын бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлап, кармоо учурун YouTube каналына жарыялады.

Видеодо көрүнүп тургандай, спецназ шектүүнү колго түшүргөндөн кийин жерге жаткырып, колун кишендеп, андан бир нече суммадагы акча каражатын тапкан.

ИИМ билдиргендей, ага чейин жергиликтүү тургун 34 жаштагы жаран опузалап акча талап кылып жатканы боюнча милицияга арызданган. Маалым болгондой, кримтөбөл арыз ээсинен бир нече айдан бери 100 миң сом же беш сотых жер бер деп талап кылып жүргөн.

УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты

Милиция кызматкерлери шектүүнү 20-октябрда Кара-Суу районунан колго түшүрүшкөн. Анын криминал чөйрөсүнө тиешеси бар экени аныкталып, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турары маалым болду. Буга чейин ал Россияда каракчылык үчүн соттолуп чыккан.

409
Белгилер:
видео, кармоо, Ош
Тема боюнча
УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты
Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев. Архив

Кадр кызматынын башчылыгына мурдагы вице-премьер барды

56
(жаңыланган 17:07 22.10.2020)
Маматалиев президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси, бир нече күн Кадр кызматын жетектеген Досалы Эсеналиевдин ордуна келди.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кадр кызматын мурдагы вице-премьер Абдырахман Маматалиев жетектей турганын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул боюнча жарлыкка президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Маматалиев Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты жана күч блогун жөндөгөн вице-премьер болуп иштеген. Учурда анын уулу Марлен Маматалиев ЖКнын VI чакырылышынын депутаты.

Тилек Токтогазиев айыл чарба министри болуп дайындалды

Аталган кызматтын мурдагы жетекчиси болуп Досалы Эсеналиев бир нече күн иштеген. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында аны аталган ведомствонун жетекчилигине дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон. Буга чейин Эсеналиев президенттик аппаратты жетектеп келген.

56
Белгилер:
Абдырахман Маматалиев, Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров Зулушевди Башкы прокуратура жамаатына өзү барып тааныштырды