Спасатели оказывают первую помощь пострадавшим рабочим в угольной шахте в Сулюкте

Сүлүктү: шахтада каза болгон бир туугандарды кантип куткарышкан. Сүрөттөр

1841
(жаңыланган 15:07 07.10.2019)
Бул эки күндүн ичинде болгон кырсыктан алты адам каза тапты. Көз жумгандардын баары шахтада көмүр казып жатышкан. Куткаруучулар жардам көрсөткөнү менен аларды аман алып калуу мүмкүн болгон эмес.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Сүлүктү шаарында "Абдукахар кен" шахтасында газга ууланган бир туугандарды куткаруу операциясынын сүрөттөрү пайда болду.

Спасатели оказывают первую помощь пострадавшим рабочим в угольной шахте в Сулюкте
© Фото / Зульфия Тургунова
Сүлүктү шаарында "Абдукахар кен" шахтасында газга ууланган бир туугандарды куткаруу операциясынын сүрөттөрү пайда болду

Эскерте кетсек, кырсык 5-октябрь күнү болгон. ӨКМдин маалыматы боюнча, көмүр казып жаткандар  44, 42 жана 40 жаштагы бир туугандар экен. Жерине алты куткаруучу барып, шахтадан алып чыгып медиктерге өткөрүп берген. Бир туугандар шаардык ооруканада каза болушкан.

Спасатели оказывают первую помощь пострадавшим рабочим в угольной шахте в Сулюкте
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Эскерте кетсек, кырсык 5-октябрь күнү болгон. ӨКМдин маалыматы боюнча, көмүр казып жаткандар  44, 42 жана 40 жаштагы бир туугандар экен.

Белгилей кетсек, 6-октябрь күнү ушундай эле кырсык катталды. Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн "Боз" тилкесинде жайгашкан шахтада өз алдынча көмүр казып жаткан учурда газга ууланып дагы үч киши каза болду. ӨКМ куткаруучулары маркумдардын сөөгүн 45 метр тереңдиктен алып чыкканын айтты.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
1841
Белгилер:
оорукана, шахта, көмүр, Сүлүктү, Кадамжай
Тема боюнча
Баткен: эки күндө көмүр казып жатып 6 адам көз жумду. Арасында бир туугандар бар
Кыргыз темир жолу ишканасында вагондорду араалап салышкан

Вагондорду араалап салышкан. "Кыргыз темир жолунун" бөлүм башчысы кармалды

106
(жаңыланган 15:26 29.10.2020)
Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан (Финансы полициясы) билдиришти.

  • Кыргыз Темир Жолу мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынын кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды
    "Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынын кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
  • Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган
    Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
  • Кармалган жетекчиге бүгүн Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалат
    Кармалган жетекчиге бүгүн Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалат
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
  • Учурда чыгымдын көмөлү такталууда
    Учурда чыгымдын көмөлү такталууда
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
1 / 4
© Фото / пресс-служба ГСБЭП
"Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынын кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды

Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган.

"Мындан улам мамлекетке материалдык чыгым келтирилген. Шарт боюнча, ишкананын балансында турган мүлк жарактан чыкса Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен макулдашуудан кийин гана жок кылынышы керек. Бирок фонд вагондорду жок кылууга уруксат кагазын бербегенин билдирди", — деп айтылат кабарда.

Кармалган жетекчиге бүгүн Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалат.

Учурда чыгымдын көлөмү такталууда.

106
Белгилер:
чыгым, мыйзам, шектүү, коррупция, жетекчи, Кыргыз темир жолу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кымырылган 9 млрд. сом: Салык кызматы Финполдун кинеси негизсиз экенин айтты
УКМК: коррупциялык иштерге күбө болгондор үчүн ишеним телефондор иштей баштады
Бишкек ТЭЦи

Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады

143
(жаңыланган 15:16 29.10.2020)
Бүгүн, 29-октябрда, Бишкекте массалык түрдө улам-улам жарык өчүп жатат. Нааразычылыктар шаардын чар тарабынан түшүүдө. Калаанын көпчүлүк бөлүгүндө жол чырактар иштебей калды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинде энергетикалык жабдыктын авариялык коргонуучу системасы иштеп кеткен. Буга байланыштуу ал жактан чыккан 110 киловольттук линиянын чыңалуусу жоголуп кеткен. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, ушул эле ишкана буга чейин жарыктын өчүшүнө Бишкек ТЭЦтеги авария себеп болушу ыктымалдыгын кабарлаган.

Белгилей кетсек, Бишкекте саат 13.10дор чамасында массалык түрдө жарык өчө баштады. Анын айынан светофорлор иштебей жол тыгыны жаралды. Ал эми Бишкек ТЭЦтен оргуштап буу чыгып жатат.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп, түз эфирден көрүңүздөр.

143
Белгилер:
"Түндүк Электр" ишканасы, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте электр кубаты өчүп, ТЭЦтен буу чыга баштады. Учурда эмне болуп жатат
Жарык жапырт өчкөндөн кийинки ТЭЦтеги абал. Видео
"Түндүк электр": жарык ТЭЦтеги аварияга байланыштуу өчүп жатат
Мектептеги коопсуз бет капчан окуучу. Архив

Билим берүү министрлиги экинчи чейректе мектептерди ачуу сунушун берди

0
(жаңыланган 17:25 29.10.2020)
Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева окуучулардын ысык тамагынан үнөмдөлгөн каражат 180 миллион сом экенин билдирди.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги экинчи чейректен тарта мектептерди кадимки режимде ачууну сунуштаганын министр Алмазбек Бейшеналиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Ал ведомствонун мындай сунушу Республикалык штабга жана Саламаттык сактоо министрлигине жиберилгенин белгиледи.

Ал эми окуучуларга ысык тамак берүүдөн үнөмдөлгөн акчаны дезинфекциялык каражаттарды алууга жана санитардык нормаларды уюштурууга берүү өтүнүчү менен Финансы министрлигине кат жиберилгенин айтты.

Министр Нуржигит Кадырбеков өкмөткө кинотеатрларды ачууну сунуштады

Аны менен катар вице-премьер Эльвира Сурабалдиева ысык тамактан үнөмдөлгөн каражаттын суммасы 180 миллион сом экенин билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл март айында коронавирус кооптуулугунан улам мектептер жабылып, окуучулар үйдөн окугандыктан ысык тамак берилген эмес.

0
Белгилер:
сунуш, Билим берүү министрлиги, окуучу, мектеп, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өкмөт мектеп, бала бакчаларды ачуу маселесин карады
Ооруган балдар көбөйүүдө. Бишкекте окуучулар I чейректи онлайн окуп бүтүрөт