Тоң ашуусунда мал айдап бараткан эки чабанды кар көчкү басып калды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМал айдап бараткан чабан. Архив
Мал айдап бараткан чабан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге куткаруучулар, Тез жардам кызматы жана айыл тургундары барып, чабандарды ооруканага алып келишкен.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Тоң районундагы Төрт-Көл айыл аймагынын Тоң ашуусунда мал жандыгын айдап бараткан 46 жана 43 жаштагы эки чабанды кар көчкү басып калды. Бактыга жараша, алар көчкүнүн алдынан өз алдынча чыгып жардам сураган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 6-октябрда, саат 14.30дар чамасында болгон. Жерине ӨКМден 6 куткаруучу, Тез жардам кызматы жана айыл аймагынан жети адам барып, жабыркаган чабандарды Тоң райондук ооруканага алып келишкен.

Чабандардын бутунан жана жамбашынан жаракат алганы айтылат. Учурда экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Ал эми малын туугандары айылга айдап кетишкен.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0