Тапанча кармаган киши. Архивдик сүрөт

Милициянын начальниги айдоочуга кандайча ок чыгарган? Окуянын чоо-жайы

1099
(жаңыланган 12:38 10.10.2019)
Милициянын айтымында, эртең мененки 08:00дөр чамасында милициянын 102 номерине Бишкектин көчөсүндө мушташ болуп жатат деген кабар түшкөн. Ал жерге барган милиция болжол менен 8:20 чамасында эки айдоочу жол талаша кеткени боюнча маалымат алган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык криминалдык милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангулов 25 жаштагы айдоочуга жол талаштан чыккан уруштан улам ок чыгарган. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирүү таратты.

Эске салсак, буга чейин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангуловдун 9-октябрда жол талаша кетип, айдоочуну атып жибергени жана анын ооруканага түшкөнү маалымдалган.

Алардын айтымында, эртең мененки 08:00дөр чамасында милициянын 102 номерине Масалиев – Алымкулов көчөсүндө мушташ болуп жатат деген кабар түшкөн.

“Ал жерге барган Ленин райондук милициясынын кызматкерлери болжол менен 8:20 чамасында эки айдоочу жол талаша кеткени боюнча маалымат алган. “Toyota Camry” автоунаасын айдап бара жаткан адам жерге түшүп, дароо эле криминалдык милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангулов экендигин, жумушка шашып бара жаткандыгын айткан”, — деп жазылган милиция тараткан маалыматта.

Милиция жол талашкан жаран туурасында төмөнкүчө билдирген.

“TOYOTA REMIX” автоунаасынан 1994-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран түшүп, алдында милиция кызматкери турганын тоготкон эмес. Алар жаакташып айтыша кеткенден соң Амангуловду бет талаштыра чаап жиберген да, колуна белгисиз буюмду кармап алып кооптондурган аракеттерди жасай баштаган. Амангулов жашоосуна коркунуч жаралганын көргөндөн кийин жеке травматикалык тапанчасын алып чыгып, эскертүү катары асманга ок чыгарган”, — деп жазылган маалыматта.

Милициянын басма сөз кызматы Криминалдык милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Амангуловдун айдоочуга ок чыгаргандыгын төмөнкүчө негиздеген.

“Анткен менен Ж.А. милиция кызматкерине кол салуусун токтоткон эмес. Мындан улам Амангулов Ж.А. тарапка ок чыгарганда, ал автоунаасына түшүп, белгисиз жакка жүрүп кеткен”, —деп айтылат маалыматта.

Бул милиция кызматкери катышкан чуулуу алгачкы окуя эмес. Буга чейин Бишкекте Финансы полициясынын кызматкерлери Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн төрт милиционерин пара алып жаткан жеринен кармаган.

1099
Белгилер:
милиционер, милиция, ок чыгаруу
Тема боюнча
Маалымат булагы: Бишкекте милиция жетекчиси жолдогу айдоочуга ок чыгарган
Пара алып кармалган милиционерлер убактылуу кармоо жайына киргизилди

Караңгыдагы алоолонгон жалын. Бишкектеги өрттүн асмандан тартылган видеосу

126
Бүгүн иңир кирген маалда Бишкек шаарынын чок ортосундагы көчөлөрдүн биринде жайгашкан имарат жалынга чулганды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Москва менен Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыкканы боюнча кабар саат 20:40та келген. Алгач өрт өчүрүүчү бир бригада чыгып кетип, андан кийин ага дагы бирөө кошулду.  Ал эми саат 21:30да тилсиз жоону үч бригада өчүрүп жатканы белгилүү болду. Бир аздан соң Москва көчөсүнөн ылдыйыраак Раззаков көчөсүндөгү имараттын күйүп жатканы аныкталды.

Видеодон өрттүн масштабы абдан чоң экендигин көрүүгө болот.

126
Белгилер:
ӨКМ, өрт, имарат, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин чок ортосунда “Навигатор” кафесинин жанындагы имарат өрттөнүп жатат. Видео

Бишкектин чок ортосунда “Навигатор” кафесинин жанындагы имарат өрттөнүп жатат. Видео

549
(жаңыланган 21:14 11.08.2020)
Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан кафенин жанындагы имараттан өрт чыкты. Бул туурасында окуяга күбө болгондор кабарлашты.

Күбөлөр Navigator кафесинин жанында экенин айтышты.

“Москва менен Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттан өрт чыккан. Саат 20:40та ал жерге өрт өчүрүүчү бир бригада жөнөп кетти”, — деп билдиришти ӨКМден.

Ал эмне имарат экендигин так билдиришкен жок.

549
Белгилер:
ӨКМ, өрт, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин 11-кичи районундагы быкшыган түтүн токтой элек. Видео
Сотрудники правоохранительных органов во время акции протеста в Минске

Минскиде милиция демонстранттарды борбордон сүрүп чыга баштады

0
(жаңыланган 01:25 12.08.2020)
Аскерлер желим октору бар куралдар жана тарсылдак гранаталар менен камсыздалган. Деген менен аларды колдоно элек.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Беларустун ички аскерлери жүздөгөн митингчилерди "Пушкин" метросунан Минскинин түндүк-батыш тарабына сүрүп таштаганын РИА Новости жазды.

Оппозициячыл тарап 10-августта милиция менен элдин ортосунда кагылышуу болгон жерге шейшемби күнү кечинде дагы чогулган.

Милиция аларды шаар четине сүрүп чыгарып жатат. Каршылык көрсөткөндөр жана баш ийбегендер кармалууда.

Аскерлер желим окторду атуучу куралдар жана тарсылдак гранаталар менен камсыздалган. Деген менен ал куралдарды колдоно элек. Азырынча калканына дубинканы чапкылоо менен чектелүүдө.

Метро жана ага жакын жердеги дүкөндөр жабылган. Минск шаарынын борбордук бөлүгүнө атайын даярдыктагы аскерлер жайгаштырылып, абалга көзөмөл жүрүүдө.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Учурдагы мамлекет башчысы Александр Лукашенко 80,08 пайыз добуш менен жеңип чыкты. Анын атаандашы Светлана Тихановская 10,09 пайыз менен экинчи сапка чыккан.

Лукашенконун атаандашы Тихановскаяны коопсуз жайга алып чыгып кетишкен

Шайлоонун жыйынтыгына макул эмес тарап нааразычылык акциясын уюштуруп, эл менен милициянын ортосунда кагылышуу чыккан. Акция учурунда үч миңдей адам кармалып, уюштуруучуларга жана катышуучуларга кылмыш иштери козголгон.

0
Белгилер:
акция, шайлоо, Митинг, Беларусь
Тема боюнча
Минскидеги башаламандык таңга жуук токтоду
Лукашенконун атаандашы Тихановскаяны коопсуз жайга алып чыгып кетишкен