Айдоочуну аткан милиционер боюнча кызматтык иликтөө башталды

Жазылуу
Түндө эки айдоочу жол талашып уруша кетишкен. Андан соң бири экинчисине ок чыгарган. Куралы бар адам милиционер болуп чыкты.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын Криминалдык милициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангулов боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясынан кабарлашты.

Эске салсак, 9-октябрда эки айдоочу жол талаша кетип, уруша кетишкен. Андан соң бири экинчисин атып салган, кийин анын милиционер экени аныкталган

Жарадар болгон жаран Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди.

Бишкек шаардык милициясы кийинчерээк бул боюнча маалымат таратып, "жолдогу жаран милиция кызматкерине кол салуусун токтотпой койгондуктан, Амангулов айдоочу Ж.А. тарапка ок чыгарган" деген негиздемесин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0