Жол кырсык. Архивдик сүрөт

Бишкекте жол тандабас токтоп турган унааларды коюп кетти. Видео

137
(жаңыланган 13:35 10.10.2019)
Айдоочу рулду башкара албай калып токтоп турган үч унааны коюп кеткен. Окуянын видеосу интернет тармагына жүктөлдү.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкекте жол тандабас токтоп турган үч унааны коюп кетти. Окуянын видеосу Twitter тармагына жүктөлдү.

Посттун @KMerinovich аттуу автору кырсык 9-октябрь күнү Орозбеков көчөсүндө болгонун билдирди.

"Бүгүн менин эле эмес, башка унааларды дагы коюп кетти. Жигиттер катуу ылдамдыкта баратышкан окшойт. Дөңгөлөк алдында калып кала жаздаган баланы кудай өзү сактаптыр", — деп жазды ал.

​ЖКККББ окуя болгонун ырастап, күнөөкөр унаа ээлерине материалдык чыгымдарын төлөп бергенин маалымдады. Жабыркагандар жок.

137
Белгилер:
жол тандабас, кырсык, Бишкек
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (218)
Тема боюнча
Үч жыл жебей-ичпей... Аткаминерлер кантип Lexus GX 470 сатып алышат
Жыл башынан бери жол кырсыгынан 500дөн ашык киши каза болду