Кара-Балта: карылар менен оор абалдагы бейтаптардын УЗИ аппаратын уурдап кетишти

© Sputnik / Кирилл БрагаУЗИ аппараты. Архив
УЗИ аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2 000 доллар турган аппаратты Жайыл райондук аймактык биргелешкен ооруканасынын аймагындагы хоспистин стационардык бөлүмүнөн уурдашкан.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кара-Балта шаарындагы хоспистен УЗИ аппараттын уурдап кетишкендигин Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Капчык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддагы аткаминер кабинеттен капчыгын уурдаткан. Шектүү кармалды
2 000 доллар турган аппаратты 11-октябрдан 12исине караган түнү Жайыл райондук аймактык биргелешкен ооруканасынын аймагындагы хоспистин стационардык бөлүмүнөн уурдашкан.

Бул медициналык жабдуу аталган жайда жаткан оорулуулардын, Кызыл жарым ай уюмунун Карылар үйүндөгү жалгыз бой адамдардын илдетин изилдөө үчүн алынган. Окуя болгон учурда хосписте кызматкерлер менен бейтаптардын болгону айтылды.

Милиция Жазык кодексинин 200-беренеси (“Уурулук”) менен кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0