Пакистандыктардын мушташы. Сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карайт

© AP Photo / Jessica HillСессия в Капитолии
Сессия в Капитолии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милицияга 2019-жылдын 14-октябрында саат 15:40та Исакеев менен Виноградная көчөлөрүнүн кесилишинде чет элдик студенттер мушташып жатат деген кабар түшкөн.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бүгүн, 16-октябрь күнү, Бишкектин Октябрь райондук сотунда бейбаштык боюнча шектелип жаткан эки пакистандык жарандын баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу райондук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, буга чейин борбор калаанын милициясынын убактылуу кармоо жайына Пакистандын 19 жаштагы эки жараны киргизилген.

"Чет элдиктердин баш коргоо чарасы Октябрь райондук соту тараптан бүгүн каралат. Учурда экөө тең убактылуу кармоо жайында", — деп айтылат билдирүүдө.

Тюрьма в городе Мо во Франции - Sputnik Кыргызстан
Мушташа кеткен пакистандык студенттердин экөө убактылуу камалды
Милицияга 2019-жылдын 14-октябрында саат 15:40та Исакеев менен Виноградная көчөлөрүнүн кесилишинде чет элдик студенттер мушташып жатат деген кабар түшкөн. Ага жакын жерде Эл аралык медициналык окуу жайы жайгашкан.

Пакистан жарандары Р.А. менен А.И. аталган ЖОЖдо окуган студенттер менен уруша кеткен. Анын кесепетинен милициянын төртүнчү бөлүмүнө Пакистандын 30га жакын жараны чырдын чоо-жайын аныктоо үчүн жеткирилген.

Муну менен катар эле чет элдиктер окуган университеттин администрациясы окуу жайдын буюмдарын талкалап салган белгисиз адамдарга чара көрүү үчүн милицияга кайрылган.

Аталган факты Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 2-беренеси менен ("Бейбаштык") катталып, сотко чейинки иш-чаралар башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0