Прокурордун орун басары алган парасын кайтарып жаткан учурда колго түштү

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРВзятка. Архивное фото
Взятка. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында прокурордун орун басары менен тергөөчү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары А.Н.К. жана Жети-Өгүз райондук ИИБинин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Б.Э.Б. 60 миң сом параны кайтарып жаткан учурунда кармалган. Окуя 16-октябрда болгон.

"Такталган маалымат боюнча, А.Н.К. тергөөчү Б.Э.Б. менен биргеликте Э.А. аттуу жарандан кылмыш ишин кыскартуу үчүн 100 миң сом пара талап кылып, 60 миң сомун алган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0