Киши колдуу болгон бизнесмен: эки шектүү мурда милицияда иштеген

© Sputnik / Асатур Есаянц / Медиабанкка өтүүСуд по делу экс-президента Армении Р. Кочаряна
Суд по делу экс-президента Армении Р. Кочаряна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ төрт шектүү кармалган. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдар дагы изделүүдө. Кармалгандардын арасында милициянын мурдагы кызматкерлери бар.

БИШКЕК, 19-окт. – Sputnik. Ишкер Хуфур Абдурахеманды өлтүрүүгө шектелгендердин арасында милициянын мурдагы эки кызматкери бар. Бул тууралуу Sputnik агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди. 

© Фото / Пресс-служба ГУВД БишкекаИшкер Хуфур Абдурахемананы өлтүрүүгө шектелгендер
Киши колдуу болгон бизнесмен: эки шектүү мурда милицияда иштеген - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Хуфур Абдурахемананы өлтүрүүгө шектелгендер

Ишкердин сөөгү Кочкор районундагы трассадан 150 метр ары жакта жерге көмүлгөнү белгилүү болгон. Кылмышка шектелип төрт адам кармалып, күбөлөр суракка алынды. Айрым маалыматтарга караганда, маркум буга чейин Бишкек шаарындагы “Мадина” базарында бизнес кылып келген.

Незаконная миграция из Мексики в США - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандан Баткенге качып келип, атын өзгөртүп жашап жүргөн кылмышкер кармалды
Кармалгандардын арасында пенсиядагы милиционер бар. Ал 2016-жылы милицияда иштеп турган кезинде пара талап кылды деп айыпталып, жоопко тартылган. Ишенимдүү булак билдиргендей, бизнесменди өлтүрүүнү ошол киши уюштурган болушу мүмкүн.

Экинчи шектүү 2010-2014-жылдары Чүй облустук ички иштер органдарында эмгектенген. Кармалгандардын дагы экөө адам өлтүрүүгө катышкан деп шектелип жатат.

5-октябрда Бишкек шаарынын тургуну И.З. милицияга кайрылып, 1981-жылы туулган Хуфур Абдурахеман аттуу бир тууганы 4-октябрда "Мадина" базарынан BMW X5 машинасы менен чыгып кеткен бойдон дайыны жок экенин айткан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "Адам уурдоо" беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0