Бишкекте жолдун ортосунда туруп алып мушташкан төрт кишинин видеосу

Жазылуу
Төртөөнүн бул кылыгынан улам ары-бери каттагандар Жаш Гвардия проспектисинен өтө албай туруп калышкан. Окуяга күбө болгондор чатакты видеого тартып алган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы көчөлөрдүн бириндеги жолдун ортосунда туруп алып төрт киши мушташканын чатакка күбө болгондор кабарлашты.

Алардын айтымына караганда, уруш 23-октябрда Киев көчөсү менен Жаш Гвардия проспектисинин кесилишинде болгон.

Видеодон чатакташкан кишилер жолдун ортосунда жүргөндүктөн башка автоунаалар ары-бери өтө албай туруп калгандыгын көрүүгө болот.

Бишкек шаардык милициясынан окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын айтышты.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0