Бишкектик кишини жарым миллионго алдап кеткен. Шектүү Россиядан кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча кармап турган адам. Архив
Акча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
41 жаштагы киши эски редакциядагы Кылмыш жана жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") менен айыпталып, жоопкерчиликтен качып жүргөн.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургунун жарым миллион сомго алдап кетти делген жаран Россиядан кармалды. Бул тууралуу КРдин Ички иштер министрлиги билдирди.

41 жаштагы киши эски редакциядагы Кылмыш жана жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") менен айыпталып, жоопкерчиликтен качып жүргөн.

"Ал жүк ташуучу автоунаа сатып алууну көздөгөн кишинин ишенимине кирип, алдоо жолу менен 545 миң сомун алып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Аны кыргызстандык жана россиялык укук коргоочулар Санкт-Петербург шаарында колго түшүрүп, учурда экстрадиция маселеси каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0