Беш киши каза болду. Чүйдөгү үрөй учурган жол кырсыгынын видеосу

© Фото / Pixabay/ Pixel-mixerСалон автомобиля поврежденный в ДТП. Иллюстративное фото
Салон автомобиля поврежденный в ДТП. Иллюстративное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-октябрда болгон жол кырсыгында беш адам каза болду. Арасындагы экөө кичине балдар. Алардын бири жеринде, экинчиси ооруканада көз жумду.

БИШКЕК, 25-окт. - Sputnik. Токмок шаарына жакын жерде жол кырсыгы болуп, кесепетинде үч чоң киши, эки бала көз жумду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Кырсык болгон жерде тартылган видео “Короче” Telegram-каналына жүктөлдү.

Билдирмеге караганда, милицияга маалымат бүгүн саат 16.40тар чамасында түшкөн.

“Кырсык Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 44-чакырымында болгон. Toyota Camry автоунаасынын айдоочусу батыштан чыгышты көздөй бара жатып, рулду башкара албай жол жээгиндеги бетон тосмону сүзгөн. Кесепетинде үч адам ошол жерден жан берген”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кийин жабырлануучулардын бири Кант шаардык ооруканасында, экинчиси (кичине бала) Токмок ооруканасында каза болгону айтылды.

Бардыгы унаада алты адам болгон. Бирөө ооруканага түштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0