Баңгизат жасоодо колдонулчу 600 литр затты сактагандар кармалды

© Фото / пресс-служба ГПС КРБаткендин чек ара отряды милиция кызматкерлери менен биргеликте 600 литрден ашык прекурсор (баңгизатын жасоодо керектелчү химиялык зат) табышты
Баткендин чек ара отряды милиция кызматкерлери менен биргеликте 600 литрден ашык прекурсор (баңгизатын жасоодо керектелчү химиялык зат) табышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-октябрда чек арачылар менен милиция кызматкерлери чогуу өткөргөн операция учурунда 34 жана 35 жаштагы кыргызстандыктар кармалган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Баткендин чек ара отряды милиция кызматкерлери менен биргеликте 600 литрден ашык прекурсор (баңгизатын жасоодо керектелчү химиялык зат) табышты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

25-октябрда чек арачылар менен милиция кызматкерлери чогуу өткөргөн операция учурунда 34 жана 35 жаштагы кыргызстандыктар кармалган.

"Алардын үйүн тинтүү учурунда 600 литрден ашык прекурсор (кислота) табылган", — деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0