Сотко күч менен алып келинген Сапар Исаков залга кирбей жатат

© Sputnik / Нурис АлымбаевДопрос Сапара Исакова в ГКНБ
Допрос Сапара Исакова в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди модернизациялоого байланышкан кылмыш иши каралган сот отурумуна келүүдөн баш тартууда.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Сотко күч менен алып келинген мурунку премьер-министр Сапар Исаков конвойдун бөлмөсүнөн чыкпай жатат. Бул тууралуу журналисттерге анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

24-октябрда Свердлов райондук сотунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоого байланышкан кылмыш иши каралган. Ал күнкү жараянга Исаков катышуудан баш тартып, УКМКнын тергөө абагынан чыкпай койгон. Мындан улам сот аны мажбурлап алып келүү токтомун кабыл алган. 

Жоошевдин айтымында, күч менен алып келүү токтомун УКМК кызматкерлери эмес, сот аткаруучулар аткарышы керек.

"Бул мыйзамсыз аракет. Исаков эле эмес, башка соттолуучулар да жараянга катышкысы келбей, конвойдун бөлмөсүндө турат. Алар болгону маанилүү күбөлөр Евгений Хавизов жана Гүлбарчын Асанованы суракка алууну сурап жатат", — деди Жоошев.

Ошондой эле ал Исаковду конвойдун бөлмөсүнөн мажбурлап сот залына алып кирүү мүмкүн эместигин белгиледи. Мындан сырткары, адвокат соттун буга чейинки токтомуна ылайык күбөлөр да алып келиниши керек деген пикирде.

Сапар Исаковдун иши

Сапар Исаков 2018-жылдын июнь айынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Ушу тапта ал бир нече мурунку жогорку кызматта тургандар менен бирге ТЭЦти модернизациялоо боюнча соттолуп жатат. Исаков жылуулук борборун жаңылаган Кытайдын ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп айыпталууда.

Ошондой эле Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде күнөөлөнүп жатканы маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0