"УКМК кызматкеримин" деп ишкерден акча опузалагандар кармалды. Сүрөт

© AP Photo / Martin MejiaТюремный двор в Кальяо
Тюремный двор в Кальяо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК кармалган адамдардын сүрөттөрүн жарыялап, жабыркагандар болсо ишеним телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында өзүн УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөшү кызматынын бөлүм башчысы жана кызматкери катары тааныштырып, ишкерден акча опузалаган Б.А. жана И.М. аттуу жарандар кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кармалган кишилер атайын кызматта иштебейт, алар мындай алдамчылык менен ишкерден акча өндүрүүнү каалашкан. 

© Фото / пресс-служба АКС ГКНБШектүүлөр
УКМК кызматкеримин деп ишкерден акча опузалагандар кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Шектүүлөр
"Б.А. менен И.М. борбор калаадагы Ш.А. аттуу жеке ишкердин ишмердүүлүгүн текшеребиз деп коркутуп, 2000 доллар талап кылышкан. Алар каражаттын 1000 долларын алып жатканда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Токмок прокурорунун жардамчысы кытай жаранынан 15 миң доллар опузалаган
Колго түшүрүлгөндөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмү ("Опузалап талап кылуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Азыркы учурда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК аталган фактылар боюнча кармалган адамдардын сүрөттөрүн жарыялап, жабыркагандар болсо 0312 660475, 0312 626504 ишеним телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0