Аэропорттон табылган сөөк. Милиция маркум эмне менен алектенгенин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековСообщение о взрывном устройстве в аэропорту "Манас"
Сообщение о взрывном устройстве в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министрлиги маркумдун бизнеси тууралуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбей турганын кабарлап, ал эмне менен алектенип келгенин айтты.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. "Манас" аэропортунун автоунаа токтотуучу жайындагы машинанын багажынан сөөгү табылган киши ишкерлик кылчу эмес. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кишинин сөөгү 23-октябрда табылган. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев маркум акча ташып иштей турганын парламентте айткан болчу

"Ал ишкерлик менен алектенчү эмес, киши ташып таксист болуп иштечү. Кыргызстандын жараны эле. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалымат берилбейт", — дешти милициядан.

ИИМ тергөө аяктагандан кийин бул окуя боюнча толук маалымат берилет деп ишендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0