Кыргыз жаранын паспорту. Архив

Виза ачып берем деп элди 96 миң долларга алдап кеткен аялдар кармалды

531
(жаңыланган 09:54 29.10.2019)
23-октябрда милицияга 11 киши кайрылып, "Н" жана "З" аттуу аялдар виза жасаттырып берем деп миңдеген доллар алып, таптырбай жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктарга АКШ менен Норвегияга виза жасаттырып берем деп 96 миң доллар алып изин жашырып кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Подозреваемые в совершении серийного мошенничества по предоставлению виз в зарубежные страны
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Подозреваемые в совершении серийного мошенничества по предоставлению виз в зарубежные страны

Ага ылайык, 23-октябрда милицияга 11 киши кайрылып, "Н" жана "З" аттуу аялдар 2018-жылдын сентябрынан бери виза жасаттырып берем деп миңдеген доллар алып, таптырбай жатканын айтышкан.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча иш козголуп, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

"Изилдөө иштери учурунда Бишкек ШИИБдин криминалдык милициясы шектүү катары 46 жаштагы З.Ж. менен 59 жаштагы О.Н. аттуу аялдарды кармаган. Алар ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Милиция эгер шектүүлөрдөн жабыркагандар болсо 0550-102-168, 0555-888-864 телефондору же 102 номери аркылуу кайрылса болот.

531
Белгилер:
шектүү, ШИИБ, алдамчылык, милиция
Тема боюнча
Кибералдамчылар телефон аркылуу акча уурдоонун жаңы ыкмасын ойлоп тапты
Күйдүргү менен ооруган мал көмүлгөн жай. Архивдик сүрөт

Оштун Кара-Суусунда сегиз киши күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү

234
(жаңыланган 14:05 11.08.2020)
Айыл тургундары август айынын баш ченинде ооруп калган уйду союп, этин бөлүп алышкан. Учурда лабораториялык текшерүү жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнүн сегиз тургуну күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү. Маалыматты Sputnik агенттигине айыл өкмөт Курбанбек Мияшев тастыктады.

Анын айтымында, Папандын Тогуз-Булак айылынын тургундары август айынын баш ченинде ооруп калган уйду союп, этин бөлүп алышкан.

"Ылаң малдын этин бөлүп алган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы саны 288ди түзгөн. Анын ичинен 208 адам Папан айыл өкмөтүнүн жашоочулары болсо, калганы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн тургундары экендиги аныкталган. Учурда сегиз киши облустук ооруканада дарыланып жатат", — деди Мияшев.

Окуядан кийин райондук ветеринардык инспекцияга кабар берилип, айыл өкмөттүн аймагында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн. Ооруган уйдун этин жегендер тиешелүү дары-дармек алышкан.

Облустук оорукананын гепатология бөлүмүнүн дарыгери Курсанали Ташовдун айтымында, бейтаптардын баары эркек кишилер. Эң жашы 17де, улуусу 45 жашта.

"Алардын денесинин ар кайсы бөлүктөрүнө кызыл кара түстөгү жара чыгып, дене табы көтөрүлгөн абалда келген. Баарынан тең күйдүргүгө анализ алынып, лабораторияга жөнөтүлгөн. Жыйынтыгы жакында чыгат. Бейтаптардын баарынын тең колтук бези да чоңоюп кеткендиги аныкталды. Учурда абалдары туруктуу", — деди дарыгер.

Кыргыз жерине апаат алып келген коркунучтуу 8 эпидемия. Видео

Ал эми облустук ветеринардык инспекциянын башчысы Орозбек Ибраевдин айтымында, окуя тууралуу аталган кызматка 2-августта маалымат келип түшкөн. Учурда лабораториялык текшерүү жүргүзүлүп жатат, жыйынтыгы чыга элек.

Ал кошумчалагандай, Папан айыл өкмөтүндөгү мал-жандыктын баары эмдөөдөн өткөрүлүп, иштер дагы уланууда.

234
Белгилер:
оорукана, эт, уй, күйдүргү, Ош
Тема боюнча
7 киши өлдү! Кытай дагы бир кооптуу вирус тарап жатканын айтты
Оор абалдагы бейтап ооруканада. Архивдик сүрөт

Бишкек менен Баткенде. COVID дагы төрт адамдын өмүрүн алып кетти

120
(жаңыланган 11:19 11.08.2020)
Акыркы учурда каза тапкандардын саны азайып келе жатат. Бирок бийлик бул абал толук турукташты дегенди билдирбей турганын эскерткен.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Өлкө боюнча акыркы суткада коронавирустан төрт бейтап каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

COVID-19га күзүндө кабылгандар дартты оор көтөрүшү мүмкүн. Эксперттин пикири

"COVID-19 илдетинен Бишкекте үч киши жана Баткенде бир бейтап көз жумду", — деди ал.

Мартта пандемия башталгандан бери каза болгондордун жалпы саны 1 478ге жетти.

120
Белгилер:
айыгуу, бейтап, Кыргызстан, өлүм, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Кош бойлуулар коронавируска кандайча кабылууда? Гинекологдун маеги
Коронавирустун мурда кездешпеген жаңы белгиси табылды. Чикагодогу окуя
Россиялык вакцинаны алган киши. Архивдик сүрөт

Каттоодон өткөн россиялык вакцина жапырт колдонууга качан чыгары айтылды

0
(жаңыланган 15:45 11.08.2020)
Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту алдын алуу үчүн дүйнөдөгү биринчи вакцинаны каттады.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Россияда чыгарылган коронавируска каршы күрөшүүчү вакцина 2021-жылдын 1-январынан тартып массалык колдонууга чыгарылат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин дары каражаттарынын мамлекеттик реестринин маалыматына таянып РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, бүгүн аталган министрлик коронавирусту алдын алуу үчүн дүйнөдөгү биринчи вакцинаны каттады. Препарат Гамалея атындагы эпидемиология жана микробилогия улуттук илимий изилдөө борбору тарабынан Россиянын түз инвестициялыр фонду менен биргеликте иштелип чыккан.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

Маалыматта эмдөө алгач медиктерге жасалары айтылат. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында башталып, андан соң массалык түрдө чыгарыла баштамакчы.

0
Белгилер:
сатык, колдонуучу, коронавирус, вакцина, каттоо, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Путин кызы COVID-19га каршы вакцина алып, өзүн кандай сезип жатканын айтты
Путин Россиянын коронавируска каршы вакцинаны каттагандыгын жарыялады