Жол кырсыгына кабылган автоунаа. Архивдик сүрөт

Бишкекте жол четинде бараткан аялды койдуруп кеткен айдоочу кармалды

208
(жаңыланган 13:53 01.11.2019)
32 жаштагы айдоочу жол четинде бейкапар келе жаткан 39 жаштагы аялды койдуруп кетип, из жашырган. Трагедия мындан эки күн мурда болгон.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Борбор калаада жөө кишини өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Трагедия 30-октябрда болгон. Борбор калаанын Чүй проспектиси менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинде айдоочу жөө кишини койдуруп, из жашырган.

208
Белгилер:
айдоочу, жол кырсык, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (265)
Тема боюнча
Ош шаарында жүк ташуучу автоунаа кишини тебелеп кетти
Жардан автоунаа кулап, жубайлар көз жумду. Ноокендеги кырсыктын сүрөтү