ЖАМК Башкы прокуратуранын койгон дооматына жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековСпецкомплекс для осужденных на пожизненное лишение свободы в исправительной колонии №19 в Сокулукском районе
Спецкомплекс для осужденных на пожизненное лишение свободы в исправительной колонии №19 в Сокулукском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жатак колониясына түшкөн айыпкер кайтарууга жана коомчулуктан обочо кармалууга муктаж эмес. Маалыматта алар жума сайын келип каттоодон өтүп турары айтылат.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Башкы прокуратуранын койгон дооматына жооп берип, билдирүү таратты.

Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үч кишини аёосуз сабагандар абактан мушташа кетип, таяк жешти
Белгилей кетсек, буга чейин башкы көзөмөл орган "Манас" аэропортунда адам ташып иштеген кишинин өлүмүнө шектелип кармалгандар жатак колониясында жазасын өтөп жаткандар экенин, абак жетекчилеринин шалаакы ишинен улам кылмышка жол берилгенин айтып чыккан

ЖАМК колго түшүрүлгөн эки шектүү кылмыш жасаган маалда жатак колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жатканын тастыктап, алар тууралуу кенен маалымат берген.

"Кармалган Ч.А. аттуу жаран 2014-жылы Кемин райондук соту тарабынан 9 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми И.А. аттуу шектүүнү 2012-жылы Чүй облустук соту 12 жыл 6 айга соттогон. 2018-жылы Москва райондук сотунун токтому чыгып, эки шектүү тең катуу тартиптеги абактан жатак колониясына которулган. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жатак колониясына түшкөн айыпкер кайтарууга жана коомчулуктан обочо кармалууга муктаж эмес. Алар жума сайын келип каттоодон өтүп турат. Ал эми жатак колониясынын аймагынан тыш болууга жашаган жеринен каттоого туруп, иш менен камсыз болгондон кийин уруксат берилет. Буга мекеменин кызматкерлери менен участкалык милиция инспекторлору көзөмөл кылышы керек", — деп айтылат маалыматта.

Муну менен бирге ЖАМКтын билдирүүсүндө аталган факты боюнча кызматтык иликтөө башталганын, анын жыйынтыгы менен күнөөлүүлөргө тийиштүү чаралар колдонулары белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0